География:ТАМГА КОЛТУГУ
Ысыккөлдүн түш . жээгинен орун алган. Тамга суусунун чатын жайпап жатат. Уз. 0,7 км, туурасы кире беришинде 1 км, тереңдиги 20 мдей.
Чыгыш ж-а батыш жээктери тик, шагылташтуу. Түш . жээги кумдуу, Тамга суусу куят. Колтук терең болгондуктан суунун темп-расы кышкысын 4°Сден төмөн түшпөйт, жайкысын 17–18°Сге чейин гана жылыйт. Бул жерде суунун айлык орт . темп-расынын жылдык амплитудасы 13,6°Сди түзөт. Батыш ж-а чыгыш тарапка соккон шамалдан ыктоо жайгашкандыктан кеме токтоого ыңгайлуу. Жээгинде маяк орнотулган.