География:КОЛЬЦОВКА КОЛТУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Б у л у ң – Ысыккөлдүн түш . жээгиндеги буйтка (булуңча). Бөкөнбаев кыш-нан 6 км түн .-чыгыш тарапта. Уз . 720 м, туурасы 700 м, тереңдиги ооз тарабында 45 м. Жээктери тик болгондуктан, толкун м-н шамалдан ыктоо турат. Таманын баткак м-н шагыл каптаган . 35–40 м тереңдикке чейин «хара» балыры өсөт. Буйтка (жээктери да) өтө терең болгондуктан кышкысын тоңбойт. Суусунун 10° темп-радан өткөн маалы жазында 19-майга, күзүндө 24-ноябрга туура келет. Чыгыш учунда кеме токтоочу жай бар.