География:ТОКТОГУЛ ГЭСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Кырг-ндагы суу электр энергиясын өндүрүүчү ж-а ирригациялык эң ири ишкана. Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын д-нын нугунун кууш жеринде курулган . 1962-ж . курула баштап, 1975-жылдан иштейт. Төрт агрегаты бар. ГЭСтин кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор б-ча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат. Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3; плотинасынын бийиктиги 215 м. Иштегенден бери 96 млрд/саат электр энергиясын өндүргөн. ГЭСте 180 адам иштейт (2001).