География:СПАРТАК СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Москва рнунда, Спартак кыш-нан 2,5 км түн .-чыгыш тарапта. Сокулук суусунун нугунда курулган. Жер астындагы суудан да толукталат. Суу агымын сезон б-ча жөнгө салып турат. 1975-ж . ишке киргизилген.

Уз. 2,5 км, эң жазы жери 1 км, эң терең жери 9 м, суу толгондогу аянты 1,57 км2, көлөмү 4,3 миң м3. Плотинасынын уз. 700 м, бийикт. 11 м; 16 миң га жерди сугарат. Көлөмү 22 млн м3ге жеткирилмекчи.