География:НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ноокат р-нун аймагында, Көкжар кыш-нан 5 — 6 км түштүгүрөөктө жайгашкан. 1963-ж .курула баштап, 1968-ж . ишке киргизилген. Суу сактагыч Кыргызата, Чилесай, Косчан, Шанкол, Абшырсайдан суу алат. Сыйымдуулугу 39,5 млн м3, уз.8 км, жазы жери 2 км, терең жери 37,6 м, суу толгондогу аянты 4,23 км2. Араван р-нундагы Төөмоюн талаасынын 6 миң га жери сугарылат. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 15,2 м3/сек болгон канал чыгарылган. Плотинанын уз. 265 м, туурасы 6 м, эң бийик жери 40,5 м. Суу толтуруу ж-а сугатка чыгаруу иштери автоматташтырылып, телемеханикалаштырылган.