География:ЭГИЗТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ
Ички Т еңиртоодо, Жетим кырка тоосунун түн. капталында. Кичи Нарын д-нын сол куймасы – Арчалы суусунун алабында жайгашкан өрөөн тибиндеги 2 ири мөңгү. Б ат ы ш ы н д а г ы мөңгүнүн уз. 5,5 км, аянты 10,2 км2; башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Ч ы г ы ш ы н д а г ы мөңгүнүн уз. 5,0 км, аянты 7,3 км2; башы деңиз деңг. 4720 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Э. м-нөн башталган суулар Арчалы суусуна сол тараптан куят.