География:ЫСЫКАТА МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Кыргыз Алатоосунун түн. капталында жанаша жайгашкан чуңкурчак тибиндеги эки мөңгү. Чүй д-нын сол куймасы Ысыката суусунун төрүнөн орун алган. Ч ы г ы ш Ы с ы к а т а мөңгүсүнүн уз. 3,8 км, аянты 4,8 км2. Башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 354 0 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 3,0 км2. Б а т ы ш Ы с ы к а т а мөңгүсүнүн уз. 3,0 км, аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 3480 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3830 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Ы. м-нүн «тилдери» моренанын астында жатат. Мөңгүлөрдөн Ысыката суусу башталат.