География:ЩУРОВСКИЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Каравшин суусунун алабынан орун алган. Уз. 11,6 км, аянты 21,4 км2. Башы деңиз деңг. 5340 м, этеги 3280 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3940 м. Абляция облусунун аянты 11,5 км2, анын 2,2 км2 морена чөкмөлөрү м-н капталган. Куралуу облусу така сымал ийилген кенен төрдү ээлеп жатат. 1950-жылдан мөңгү тартылууда.

Мөңгүдөн Каравшин суусунун оң курамы Жиптик суусу башталат.