География:ЧЫГЫШ АКСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Күнгөй Алатоонунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Кемин суусунун сол курамы Аксуунун башынан орун алган.

Уз. 4,9 км, аянты 6,9 км2. Башы деңиз деңг. 4338 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3920 м. Абляция облусунун аянты 2,7 км2. Өрөөндүн четки мореналары зор жалчаны (бийикт. 50 мге чейин) пайда кылган. Ч. А. м-нө кенен, көп камералуу цирктер мүнөздүү. Мөңгү көбүнчө эни 2,5–3,0 м келген жаракалар м-н тилмеленген. Мөңгүдөн Чоң Кеминдин сол куймасы Аксуу башталат.