География:ЧОҢ ҮЗӨҢГҮКУУШ МӨҢГҮСҮ
— Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаалдын сол куймасы Чоң Үзөңгүкууштун алабында жайгашкан. Уз. 6,7 км, аянты 13,3 км2. Айрым жеринде 400–600 мге чейин ичкерип, жазы жери 1,5–2 кмге чейин жетет. Жогорку бөлүгү түрдүү багыттагы фирн бассейндүү үч бутактан турат. Оң бутагы батышка, ортоңкусу түндүккө, сол бутагы түн.-чыгышка багытталган. Ортоңку бутагы кырка тоонун 5000–5600 м бийиктиктеги кырлары м-н курчалган. Үч өз алдынча фирн бутагы 4670 м бийиктикте, эни 2 км келген жайык оёңдо кошулат. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 4300 м бийиктикте жатат, а. и. абляция облусунун аянты 4,1 км2.
Мөңгүнүн «тилинин» бетинде ортоңку моренанын эки тилкеси созулуп жатат, алар «тилинин» учуна келген каптал морена м-н биригип жаңы «төөкарын» кыртышын пайда кылат. Мөңгүдөн башталган суу Чоң Үзөңгүкуушка оң тараптан куят.