География:ЧОҢ КЕМИН МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Күнгөй Алатоонун түн. капталы ж-а Кемин-Челек тоо тоомунун батыш тарабындагы өрөөн тибиндеги ири 2 мөңгү. Чоң Кемин суусунун башында жанаша жатат. Т ү н. Ч о ң К е м и н мөңгүсүнүн уз. 4,7 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңг. 4640 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3700 м. Т ү ш. Ч о ң К е м и н мөңгүсүнүн уз. 4,5 км, аянты 5,2 км2. Башы деңиз деңг. 4640 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кийинки убакта артка чегинүүдө. Ч. м-нөн Чоң Кемин суусу башталат.