География:ЧОМОЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Борб. Теңиртоодогу Акшыйрак тоо тоомунун түш.-чыгыш капталында. Ээрташ суусунун оң куймасы Чомойдун төрүндө жайгашкан. Уз. 5,1 км, аянты 10,3 км2, көлөмү 1,7 км3. Абляция облусунун аянты 3,2 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Фирн облусу эки камералуу жайык циркте. Оң жагындагы камерадан муздун негизги бөлүгү куралат.

Кийинки 50 жылда өзгөргөн эмес.