География:ҮМҮТ (НАДЕЖДА) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Жетим кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,8 км, аянты 3,0 км2. Чоң Нарын суусунун оң куймалары Чоң Т өр ж-а Кичи Корумду сууларынын аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан. Мөңгү тоонун кырынан башталып, адегенде чыгышты, андан түш.-батышты карай дого сымал ийилип жатат. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4330 м. Абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүдөн башталган өзөн Чоң Нарынга оң тараптан куят.