География:ТЫНАЙ МӨҢГҮСҮ
— Борб Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,4 км, аянты 2,3 км2. Сарыжаз кырка тоосунун тармагы Ашуутөрдүн түш. капталында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4340 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3950 м, абляция облусунун аянты 1,0 км2. Мөңгүдөн башталган суу Ашуутөргө (Сарыжаздын куймасы) куят.