География:ТҮНДҮК КАРАСАЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Акшыйрак тоо тоомунун түш.-батыш капталында, Чоң Нарын суусунун сол курамы Карасайдын төрүнөн орун алган. Уз. 12,2 км, жалпы аянты 49,2 км2, а. и. абляция облусунун аянты 11,5 км2. Башы деңиз деңг. 4950 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Фирн облусу Акшыйрак тоо тоомунун эки айрыгынын аралыгындагы төрлөрдө жайгашкан. Алар биригип зор татаал мөңгүнү түзөт. Азыр тынымсыз тартылууда. Мөңгүдөн Карасай суусу башталат.