География:ТҮЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб. Теңиртоодогу артылма өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,3 км, аянты 6,2 км2. Сарыжаздын сол куймасы Түз суусунун төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4580 м, этеги 3550 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3920 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүдөн Түз суусу башталат.