География:ТУЮКБУЛАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Ички Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан орун алган. Чоң Үзөңгүкууштун оң куймасы Чоңтөөкуйруктун алабында. Уз. 6,3 км, жалпы аянты 13,5 км2, а. и. абляция аймагы 4,3 км2.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5170 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4590 м. Фирн облусу жазы плато сымал көтөрүлгөн бетте жатат. Андан Туюкбулак суусу башталат.