География:ТУУРАТӨР МӨҢГҮСҮ
— Ички Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Борколдой кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түн. капталында. Уз. 4,9 км, аянты 4,8 км2. Чоң Нарын д-нын жогорку сол куймасы Чакыркорум суусунун алабынан орун алган.
Башы деңиз деңг. 4660 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Мөңгүдөн агып чыккан Тууратөр өзөнү Чакыркорумга оң жактан куят.