География:ТУРУКМУЗ МӨҢГҮСҮ
— Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,0 км, аянты 3,5 км2. Сох суусунун сол курамы Актеректин алабынан орун алган.
Башы деңиз деңг. 5240 м, этеги 2960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. Фирн облусу көп камералуу циркте жатып, «тили» шынаа сымал кууш; бети дээрлик тегиз. Мөңгүдөн башталган суу Түтөксууга (Актеректин оң куймасы) сол жактан куят.