География:ТАШКОРОО МӨҢГҮСҮ
— Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,7 км, аянты 3,4 км2.
Кызылсуунун сол куймасы Шибе суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 1,3 км2. Мөңгүдөн Ташкороо суусу башталып, Кызылкөлгө (Шибенин сол курамы) сол тараптан куят.