География:СЫҢАРЖАР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун сол куймасы Сыңаржар суусунун башынан орун алган. Уз. 4,0 км, аянты 4,5 км2, көлөмү 0,100 км3. Башы деңиз деңг. 5100 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 1,1 км2. Мөңгүдөн Сыңаржар суусу башталат.