География:СӨӨК МӨҢГҮ СҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Ичк и Теңиртоод огу өрөөн тибиндеги мөңгү. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталында, Алабуганын алабында жайгашкан.

Уз. 4,1 км, аянты 4,3 км2. Башы 4820 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Мөңгүнүн 35%тейин мореналар каптап жатат. Ийилген жерлериндеги чөйчөк сымал оёңдорунда бийикт. 200–300 м келген бузулган мөңгүлөр бар. Мөңгүдөн (Сөөктүн башаты) Каракол суусу башталат.