География:САРЫМОГОЛ (САРЫКМОГОЛ) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түш. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Уз. 4,2 км, аянты 4,5 км2, көлөмү 0,4 км3. Кызылсуунун оң куймасы Сарымоголдун төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4740 м, этеги 4280 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 2,3 км2. Жайык төрдөн башталып, далы сымал жазы «тил» м-н аяктайт. Этегинде чакан морена көлү жатат. Андан башталган суу Сарымоголго оң тараптан куят.