География:САРЫБЕТ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 6,26 км2. Адыртөр кырка тоосунун түн. капталында, Сарыжаз суусунун башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4465 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3950 м, абляция облусунун аянты 2,53 км2. Өткөн кылымдын ортосунда алдыга жылуунун максималдуу чегине жетип, азыркы мезгилде акырындап тартылууда. Этек ж-а жээк мореналары өткөн мезгилдеги мөңгүнүн чегин даана көрсөтөт. Андан Сарыжаздын сол куймасы башталат. Мөңгүгө ТяньШань физ. география ст. бир нече жылдан бери байкоо жүргүзүүдө.