География:КЫМЫЗДЫКТЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түш. тармагынын түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,3 км, аянты 6,2 км2. Кызылсуунун (чыгыш) сол куймасы Көксуунун алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги ж-а кар чеги 4300 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 4,1 км2. Куралуу облусу тоонун кырын бойлой дого сымал созулуп, «тили» кууштап кетет. Мөңгүдөн Кымыздыкты суусу (Көксуунун сол куймасы) башталат.