География:КОТУРТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Ички Теңиртоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Чоң Нарындын оң курамы – Арабелсуусунун алабында. Тескей Алатоонун түш. капталындагы кыска өрөөндүн төрүнөн башталат уз. 6,3 км, аянты 9,9 км2. Башы деңиз деңг. 4780 м, этеги 3830 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляция облусунун аянты 3,3 км2. Фирн бассейни Тескей Алатоонун кырынан башталып ж-а эки жагындагы жалпак чокулардагы мөңгүлөрдөн кошумча куралат. Батыш тарабынан Григорьев мөңгүсү орун алган. Бетинде ж-а этегинде мореналар жокко эсе. Төмөнүрөөктө аяккы морена жалчасы өрөөндү дого сымал бөгөп жатат. Мөңгүдөн Арабелсуунун сол куймасы – Котуртөр башталат.