География:КОМАРОВ (КЫЗЫЛҮҢӨТ) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 10,7 км, аянты 29,3 км2. Какшаал д-нын сол түзүүчүсү – Мүдүрүмдүн алабынан орун алган.

Мөңгүнүн башы 5210 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Абляция облусунун аянты 9,9 км2. Үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлөт. Үч мөңгү бириккенден кийинки «тили» уз. 2,5 км, туурасы 3 кмге жетет. «Тили» жазы келип өрөөндүн таманына тик түшөт. Этегине жа кын чакан жаңы этек моренасынын жатышы мөңгү жакынкы мезгилде эле 30–40 мге тартылгандыгын айгинелейт. Куралуу облусунда жыл бою кар жатат. Мөңгүдөн Кызылүңөт суусу башталып, ал Мүдүрүмгө куят.