География:КЛЮЁВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түн. капталындагы (батыш бөлүгүндө) татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,2 км, аянты 5,3 км2. Сох суусунун сол курамы Актеректин алабында жайгашкан.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 2880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3600 м, абляция облусунун аянты 3,1 км2. Фирн облусу бийик аскалуу сеңир аркылуу бөлүнгөн эки циркте жатат; алардан башталган мөңгүлөр кошулуп бир «тилди» түзөт. Мөңгүдөн Актерек суусунун оң курамы–Түтөксуу башталат.