География:КАРАТӨР МӨҢГҮСҮ
КАРАТӨР МӨҢГҮСҮ – Ички Теңиртоодогу Көккыя кырка тоосунун түн. капталындагы балык жон тибиндеги мөңгү. Уз. 4,0 км, аянты 3,4 км2. Аксай суусунун оң куймасы Каратөрдүн алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4630 м, этеги 4180 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4210 м. Абляция облусунун аянты 0,9 км2. Мөңгүдөн башталган суу Каратөр суусуна оң жактан куят.