География:КАРАКАМАН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Тескей Алатоонун түш. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Кичи Нарын суусунун алабында, Чоң Каракаман ж-а Кичи Каракаман сууларынын суу бөлгүчүнүн чыгыш жак капталында жайгашкан. Уз. 3,6 км, аянты 5,7 км2. Башы деңиз деңг. 4510 м, этеги 3910 м бийиктикте жатат. Бул мөңгү Кичи Каракаман өзөнүнүн алабындагы 26 мөңгүнүн эң ириси. Мөңгүнүн бетинде тоо тектердин сыныктары сейрек кезигет. Андан агып чыккан суу Каракаман суусунун оң курамы – Кичи Каракаманга кошулат.