География:КАРАКАЗЫК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Шаймерден суусунун сол курамы Аксуунун алабында жайгашкан.

Уз. 4,6 км, аянты 3,6 км2, көлөмү 0,160 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Караказык суусу башталат да, Арчабашы суусу м-н кошулуп, Аксууга куят.