География:ЖЫЛУУСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш Ж. м.). Сох суусунун оң курамы–Кожашкандын башында жайгашкан.

Аларды меридиан багытта созулган тоо тармагы бөлүп турат. Б а т ы ш ы н д а г ы м ө ң г ү н ү н уз. 4,6 км, аянты 7,1 км2; башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 3,5 км2. Ч ы г ы ш ы н д а г ы м ө ң г ү н ү н уз. 5,7 км, аянты 6,4 км2; башы деңиз деңг. 4500 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Мөңгүлөрдөн Сох суусунун башаты – Жылуусуу башталат.