География:ЖОРГОТАШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай кырка тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун оң куймасы – Көксуунун (батыш) алабында жайгашкан.

Уз. 4,6 км, аянты 4,3 км2, көлөмү 0,200 км3; Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 1,1 км2. Мөңгүдөн Жорготаш суусу башталып, Көксууга куят.