География:ГЕЗАРТ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 8,5 км, аянты 9,8 км2.

Аравансайдын сол курамы–Чилисайдын төрүндө. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4350 м. Абляция облусунун аянты 5,3 км2. Көлөмү 0,83 км3. Ал 1914– 1963-ж. 1 кмге чегинген. Мөңгүдөн Чилисай суусунун сол курамы Гезарт башталат.