География:БЕДЕЛ МӨҢГҮСҮ
–Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында. Уз. 4,3 км, аянты 5,0 км2. Акшыйрак суусунун (Сарыжаздын алабы) жогорку агымы Бозжалпактын алабында жайгашкан. Өрөөндүн оң капталындагы бөлүгү эрип кеткендиктен Б. м. өрөөн тибиндеги мөңгүдөн жантайма тибиндеги мөңгүгө айланган. Башы деңиз деңг. 4878 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн Бедел суусу башталып, Бозжалпакка (Акшыйрактын алабы) оң жактан куят.