География:БАТЫШ КӨӨЛҮ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,3 км, аянты 3,4 км2. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Көөлү кырка тоосун Тескей Алатоо м-н байланыштырган тармактын батыш капталынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Фирн облусу Көөлү кырка тоосунун батыш чегиндеги чокунун түн.-батыш капталында. Мөңгүнүн өлчөмү өзгөргөн жок. Андан агып чыккан суу Ээрташ суусуна сол жактан куят.