География:АШУУТӨР МӨҢГҮСҮ
АШУУТӨР МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түн. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги арта салма мөңгү. Уз. 3,5 км, аянты 3,6 км2. Чоң Кызылсуунун куймасы Ашуутөрдүн башында. 1914-ж. чейин чыгыш жагындагы өрөөн мөңгүсү м-н татаал бир мөңгүнү түзүп турган. Азыр алар морена жалчасы м-н бөлүнөт. Мөңгү эңкейиштеп барып учтуу шынаа сымал ныкталган «тили» м-н аяктайт. Мөңгүнүн негизиндеги жылышуу ылдамдыгы жылына 9,8 мге, төмөнкү бөлүгүндө 3,4 мге жетет. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4500 м, этеги 3250 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 3850 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Ашуутөр суусу (Чоң Кызылсуунун куймасы) башталат.