География:АСАНҮСӨН (КАРАСУУ) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Т үркстан кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7 км, аянты 6,5 км2. Каравшин суусунун (Исфара суусунун куймасы) алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3040 м бийиктикте жатат. Кар. чегинин бийикт. 3800 м, абляция облусунун аянты 5,0 км2, анын 3,9 км2 морена м-н капталган. Куралуу облусу кенен, «тили» кууш. Мөңгүдөн башталган Карасуу Аксууга кошулуп, Каравшин суусун (Исфаранын оң курамы) түзөт.