География:АРЧАЛЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ички Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Жетим кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 4,5 км, аянты 7,4 км2. Кичи Нарын д-нын сол куймасы Арчалы суусунун төрүнөн орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4560 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Андан Арчалы суусу башталат.