География:АЛЬПИНИСТТЕР (ЧОҢТӨР) МӨҢГҮСҮ
– Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 4,4 км2. Сокулук суусунун төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4190 м, этеги 3100 м бийиктикте жатат.
Кар чегинин бийикт. 3540 м. Абляция облусунун аянты 3,4 км2. Мөңгүнүн 13%не чейин морена материалдары жаап жатат. Мөңгүдөн Сокулук суусунун жогорку агымы Чоңтөр суусу башталат.