География:АЛЬПИНИСТ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. Теңиртоодогу төр-өрөөн тибиндеги мөңгү.

Кайыңды кырка тоосунун чыгыш учунун түш. капталында. Уз. 5,6 км, аянты 3,5 км2. Теректи суусунун (Көйкаптын куймасы) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5520 м, этеги 3940 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 4510 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгү күнгөйдө жайгашкандыктан тез эрип, тартылууда. Калың этек моренасы негизги мөңгүнүн четине чейин созулуп жатышы, мурда ал Көйкап мөңгүсүнөн бир тармагы болгондугун айгинелейт. Андан башталган суу Көйкап мөңгүсү аркылуу Теректиге куят.