География:АЛТЫНТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 3,4 км2.

Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4240 м, этеги 3140 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 3750 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Этек мореналар даана байкалат (жалчалардын бийикт. 5 м). Мөңгүдөн Алтынтөр суусу башталып, Аламүдүнгө оң тараптан куят.