География:АЛАМҮДҮН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Уз. 3,9 км, аянты 5,4 км2.

Чүй д-нын сол куймасы Аламүдүн суусунун төрүнөн (сол тарабынан) орун алган. Токтогул мөңгүсүнүн түн.-чыгыш тарабында. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4430 м, этеги 3240 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3790 м. Абляция облусунун аянты 3,1 км2. Мөңгүдөн Аламүдүн суусу башталат.