География:АКДАВАН МӨҢГҮСҮ
(кырг.–ак; түрк ж-а моңгол тилдеринде даван – ашуу; ак даван – өтө бийик ашуу) – Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Кожобакырган суусунун алабында жайгашкан. Уз. 4,3 км, аянты 4,1 км2, абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4300 м, этеги 3520 м бийиктикте жайгашкан. Фирн облусу кырка тоонун дого сымал түштүккө ийилген жеринен орун алган.
Этеги калың морена м-н капталган (1,3 км2). Мөңгү чегинүүдө. Андан Карасуу суусу агып чыгып Акмечитке, ал Кожобакыргандын курамы Жетимкөпүрөгө куят.