География:АЙРЫТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. Теңиртоодогу төр-өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш А. м.). Какшаал кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан.

Акшыйрак суусунун оң куймасы Кайчынын алабынан орун алган. Б а т ы ш А. мөңгүсүнүн уз. 3,5 км, аянты 3,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4971 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Чыгыш А. мөңгүсүнүн уз. 3,0 км, аянты 3,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4560 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөңгүлөрдүн куралуу облусу кырка тоонун туу жонунда жатат. Эки мөңгү тең калың этек мореналарга ээ, алар рельефинде таштуу мөңгүнү элестетет. Мөңгүлөрдөн Кайчы суусунун сол куймасы Айрытөр суусу ба шта ла т.