География:АДЫГИНЕ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 4,3 км2.

Аларча суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4240 м, этеги 3620 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3910 м. Абляция облусунун аянты 2,0 км2. Этек мореналардын («төөкарындардын») жатышы азыркы мезгилде мөңгүнүн тартылып бара жаткандыгына күбө. Мөңгүдөн Адыгине суусу (Аларчанын сол куймасы) башталат.