География:САРЫКӨЛ
— Ички Теңиртоодогу көл.
Нарындын алабында, Жаманечкинин Тара гайга куйган жерине жакын жайгашкан. Аянты 1,45 км2; деңиз деңг. бийикт. 3 477 м. Көлдөн суу агып чыкпайт, бирок жер алдынан сарыгуу жолу м-н андан суу кетип турат. Байыркы муз каптоодон калган морена чуңкурунда пайда болгон. Деңгээли жайында көтөрүлүп, кышында төмөндөп турат.