География:КЫЛАКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, К ы л а а к ө л – Чаткал кырка тоосунун түн. чыгыш капталындагы көл. Сарычелек коругунда, Сарычелек көлүнөн 0,5 км түш. тарапта жайгашкан. Деңиз деңг. 1 845 м бийиктикте жатат. Уз. 900 м, туурасы 600 м, аянты 0,6 км2, тереңд. 2 0 мге жакын. Көлгө Сарычелектен агып чыккан Тоскоол суусу (уз. 6 00–700 м) куюп, андан Сарыкамыш суусу башталат да, Кожата суусуна кошулат. Түш. бөлүгү саздак келип, жээгинде камыш өсөт. Айланасында дарактар отургузулган. Балык коё берилген.