География:КУТМАНКӨЛ
— Бабашата кырка тоосунун түн. капталындагы көл. Деңиз деңг. 2 837 м бийиктикте жатат. Уз. 1,5 км, туурасы 600 м, аянты 0,1 км2. Бөгөт көлдөрүнүн тибине кирет. Көл чөйчөгү жайгашкан өрөөнчөнүн капталдары тик. Андан Карасуунун сол куймасы Каракол суусу агып чыгат. Көл жаан–чачын, кар сууларынан толукталат.