География:КУЛУН КӨЛҮ
— Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы тоо көлү.
Каракулжа р-нун аймагында. Тар суусунун оң куймасы Кулундун башында жайгашкан. Уз. 4,6 км, туурасы 700 м. Көл чанагы деңиз деңг. 2 856 м бийиктикте жатат. Суусу тунук, тузсуз. Кулун өрөөнүн жер көчкү бөгөп калуусунан пайда болгон. Бөгөттүн бийикт. 1 20 м, туурасы 500 м, уз. 2 00 м. Түндүгү м-н түш. капталдары тик (60°), урчуктуу аскалар м-н курчалган. Айланасы өтө кооз. Аны курчап турган тоолордун түн. капталында карагай, түш. беттеринде арча токою өсөт.